Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
2024-жылдын 8-августу №17/122
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Миӊ-Булак айыл аймагынын “Карга-Жайлоо” участкасындагы №1756 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жайыт котегориясына жалпы 0,048га жер аянтын Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу, трансформациялоо жөнүндө” “145 мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу трансформациялоо жөнүндө” жобого ылайык “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына” которууга макулдук берүү жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн 26.07.2024-жылдагы 02,2-4/347 катынын негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү IIIсессиясы токтом кылат:
1, Миӊ-Булак айыл аймагынын “Карга-Жайлоо” участкасындагы №1756 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы жайыт котегориясына жалпы 0,048 га жер аянтын “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына” которууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп, https://min-bulak.gov.kg/веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А. Жамангулов |