Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 11/7
Долбоорду бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Красновосточный айыл өкмөтүнүн башчысы С.Ж.Сүйналиевдин «Алёнушка» бала бакчасынын аймагына көмүр сактоо үчүн чатыр куруу» долбоору тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Красный Восток айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ кылат:
1. «Аленушка» балдар бакчасынын аймагына көмүр сактоо үчүн чатыр куруу долбоорунун бюджети 697,052 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Красный Восток айыл өкмөтүнүн акча каражат бөлүмүнүн башчысы 2023-жылдын бюджетинде долбоорлорду даярдоо боюнча тапшырмага ылайык, долбоорду кошо каржылоого 139,41 миң сом каражат каралсын.
3. Красновосточный айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу (М.А.Токчулуков) бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Красный Восток айыл өкмөтүнүн акча каражат бөлүмүнүн башчысы (Кадыралиева А.Т.) тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Абдусаматов У.К. |