Загрузка документа…
КРАСНЫЙ ВОСТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 20-декабрындагы № 11/9
Акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана «Наристе-Калдык» бала бакчасынын директору менен Красный Восток айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын, бала бакчанын жылытуу от казанын алмаштыруу жана Калининское айылынын таза суу пайдалануучулардын коомдук "Кызыл-Суу" уюмунун эсептешүү эсебине, электр энергияга болгон карызын которуу зарылдыгы тууралуу маалыматын угуп, Красновосточный айылдык Кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Красный Восток айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы (А.Т.Кадыралиевага)
- «Наристе-Калдык» бала бакчасынын жылытуу от казанын алмаштыруу үчүн, 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндө каражат бөлүнүп берилсин;
- 150 000 (жүз элүү миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын Калининское айылынын таза суу пайдалануучулардын коомдук "Кызыл-Суу" уюмунун эсептешүү эсебине электр энергиясы боюнча карыздарды төлөө үчүн которулсун.
2. Красновосточный айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу (М.А.Токчулуков) бул токтомду айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына каттоодон өткөрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Абдусаматов У.К. |