Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
МИң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы
2024-жылдын 8-августу №17/123
Миӊ-Булак айыл аймагынын Миӊ-Булак айылындагы парка ысым берүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Чекировдун баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-августундагы №488, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы №353 токтомдорунун редакцияларына ылайык Миӊ-Булак айыл аймагын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы токтом кылат:
1. Миӊ-Булак айыл аймагынын Миӊ-Булак айылындагы булактын үстү
участкасындагы парктын ысмын Жунусова Кымбат атындагы парк кылууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн орун басары С.Чекировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп min- bulak.gov.kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин катчысы А. Жолдошовго милдеттендирилсин
Төрага |
| А. Жамангулов |