Редакцияот 01.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 1-сентябры № 96

 

Козучак айылынын ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү ири долбоору жөнүндө

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектүү № 24 сессиясы

КК АИД-3түн алкагында Бердике баатыр айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана Козучак айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү ири долбоору боюнча Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Тажыкановдун жана Бердике баатыр айыл аймагынын АКИА АКнын төрайымы А.Кенжебековнанын маалыматын карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Козучак айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү ири долбоорунун жалпы бюджети 4104986(төрь миллион бир жүз төрт миң тогуз жүз сексен алты) сом а.и. АРИСтин гранты 3567000 (Үч миллион беш жүз алтымыш жети миң ) сом өлчөм, өздүк салым 537986 (беш жүз отуз жети миң тогуз жүз сексен алты ) сом деп белгиленсин.

2. Козучак айылындагы ФАПтын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү ири долбоору Бердике баатыр айыл аймагынын 2023-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин.

3. Ири долбоорлордо көрсөтүлгөн обьекти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен каралган чыгымдары бекитилсин

4. Айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Т.Тажыканов ири долбоорлордун жана тиешелүү иш-кагаздарын АРИСке өз убагында берүүсү камсыз кылынсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысына жана Бердике батыр АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза