Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 17-октябры № 624
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586, 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомдорунун редакцияларына )
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин санынын чегин жана эмгек акы төлөөнүн шарттарын аныктоо менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-сентябрындагы № 586 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 326 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесине 2024-жылы 9552100 (тогуз миллион беш жүз элүү эки миң бир жүз) сом өлчөмүндө кошумча каражат бөлсүн;
2) "Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025-2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо бул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү эске алсын;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесине 2025-жылы 16276300 (он алты миллион эки жүз жетимиш алты миң үч жүз) сом өлчөмүндө каражат карасын;
4) кайра уюштурулуучу юридикалык жактын өткөрүп берүү акты бекитилгенден кийин кайра уюштурулуучу юридикалык жактын кредитордук карызын төлөө боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом 2024-жылдын 5-июлунан тартып күчүнө кирүүчү 1, 2-пункттарды кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 15-октябрындагы № 80 (3634) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Директор | 3,00 |
2 | Директордун орун басары | 2,50 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,20 |
Негизги жана көмөкчү персонал | ||
1 | Зоотехник | 1,90 |
2 | Агроном | 1,90 |
3 | Инженер | 1,90 |
4 | Экономист | 1,90 |
5 | Бухгалтер | 1,90 |
6 | Кадрлар боюнча инспектор | 1,90 |
7 | Юрист | 1,90 |
8 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис | 1,80 |
9 | Оператор-программист (IТ) | 1,80 |
".