Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-сентябры № 584
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Өлчөө каражаттарын текшерүүнү жана тибин бекитүүнү уюштурууну өркүндөтүү, "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 446 "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Жаңы өлчөө каражаттары үчүн эксплуатацияга киргизүү алдында бул өлчөө каражаттарын баштапкы текшерүүдөн өткөрүү үчүн партиядан өлчөө каражаттарын тандап алууга жол берилет. Партиядан өлчөө каражаттарын тандоо улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттарга ылайык жүзөгө ашырылат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1. Өлчөө каражаттарынын ээлери (пайдалануучулары), өлчөө каражаттарын даярдоочулар, мамлекеттик органдар ошондой эле мамлекеттик менчиктин үлүшү бар ишканалар жана уюмдар гана өлчөө каражаттарын текшерүүгө өтүнмө ээлери боло алышат (мындан ары - өтүнмө ээлери).
Өлчөө каражаттарын текшерүү үчүнчү жактарды (ортомчуларды) кошпогондо, өтүнмө ээлерине (кызматтын акыркы алуучусуна) гана метрология боюнча улуттук орган бекиткен форма боюнча таризделген, өтүнмө ээси тарабынан берилген өтүнмөнүн негизинде жүргүзүлөт.";
- 30-пункттагы "Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар" деген сөздөр "Укук бузуулар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"32. Өлчөө каражаттарын текшерүү боюнча кызматтарды көрсөтүүчү уюм өлчөө каражаттарынын сакталышы жана бүтүндүгү үчүн өлчөө каражаты текшерүүгө кабыл алынган учурдан тартып текшерүүдөн өткөндөн кийин өтүнмө ээсине берилгенге чейин гана жоопкерчилик тартат. Өлчөө каражаттары өтүнмө ээсине берилгенден кийин өлчөө каражаттарынын сакталышы, бүтүндүгү жана жарактуулугу үчүн жоопкерчиликти өтүнмө ээси өзү тартат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-декабрындагы № 614 "Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өлчөө каражаттарынын, стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү, бирден нускада же чакан партиялар менен Кыргыз Республикасында даярдалган же импорт боюнча ташып келинген өлчөө каражаттарын каттоо, өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүү белгисин колдонуу тартиби жөнүндө жободо:
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Сыноолорду, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, каттоого, өлчөө каражаттарын сыноонун натыйжаларын таанууга жана өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн тибин бекитүүгө байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте бекитилген тарифке жана түзүлгөн келишимдердин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.";
- 35-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
"5) жалпы көрүнүшүнүн жана маркалоо түрү менен фотосүрөттөрү.";
- 62-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) жалпы көрүнүшүнүн жана маркалоо түрү менен фотосүрөттөрү.";
- 65-пункттагы "өлчөө каражаттарынын тибин сыпаттоо менен" деген сөздөр алып салынсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жободо:
- 10-пунктта:
3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
5-пунктчадагы мамлекеттик тилдеги текстте "МО" деген аббревиатура "ЧП" деген аббревиатурага алмаштырылсын;
6-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) XX - өлчөө каражаттарын каттоо жылынын акыркы эки цифрасы.
Мисалы:
- өлчөө каражаттарынын тибин бекитүүдө жана бекитилген тибин таанууда: KG417/01.0...-XX;
- өлчөө каражаттарын каттоодо: KG417/01. 0... (ЧП)-ХХ.";
- 11-пункттун 5-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) XX - өлчөө каражаттарын каттоо жылынын акыркы эки цифрасы.
Мисалы: KG417/01.CY.0...-XX.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Өлчөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү каттоонун мамлекеттик реестри ушул Жобонун 1, 2, 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча журнал түрүндө жүргүзүлөт.";
- 13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15. Мамлекеттик реестрге киргизилген өлчөө каражаттары жана стандарттык үлгүлөр жөнүндө маалымат маалыматтык жыйнактарда, маалымдамаларда жана каталогдордо жарыяланат, ошондой эле квартал сайын метрология боюнча улуттук органдын сайтында жаңыртылып турат.";
- жогоруда аталган Жобонун 1, 2-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жобо ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда 3-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
Өлчөө каражаттарынын тибин бекитүү же өлчөө каражаттарынын бекитилген тибин таануу
Өтүнмө келип түшкөн дата | Өтүнмө ээси | ӨК аталышы, ӨК тибинин белгилениши | ӨК тибин бекитүү же бекитилген ӨК тибин таануу | Мамлекеттик каттоо номери | Сертификатты алуучунун аты-жөнү | Колу | Датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
Изилдөөдөн өткөн өлчөө каражаттарын каттоо
Өтүнмө келип түшкөн дата | Өтүнмө ээси | ӨК аталышы, ӨК тибинин белгилениши | ӨК заводдук номери | Мамлекеттик каттоо номери | Күбөлүктү алуучунун аты-жөнү | Колу | Датасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".
|
| 2-тиркеме |
|
| "Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын жана стандарттык үлгүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын өлчөө каражаттарынын МАМЛЕКЕТТИК РЕЕСТРИ
Стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген типтери
Стандарттык үлгүлөрдүн бекитилген түрлөрү | Даярдоочу-ишкана | СҮ аталышы | Мамлекеттик каттоо номери | Сертификаттын жарактуу мөөнөтү | МСҮ каттоо номери |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
".