Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2023-жылдын 10-июлу № 1
Кең-Кол айылына жаңы мектептин имаратын курууга уруксат берүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын Кен-Кол айылынын жергиликтүү тургундарынын айылга жаңы мектеп куруу боюнча кайрылууларын эске алып, Кең-Кол айылындагы Ынтымак мектебине тиешелүү болгон (0,85 га) жер тилкесинин ичине жаңы 100 орундуу мектептин имаратын куруу үчүн уруксат берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Ынтымак мектебине тиешелүү болгон жер тилкесинин аянтына жаңы 100 орундуу мектептин имаратын курууга уруксат берилсин.
2.100 орундуу жаңы мектептин долбоордук документтерин даярдоо боюнча иш алып баруу айыл аймак башчысына милдеттендирилсин.
3.Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынынwww.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү Кеңештин төрайымынын орун басары Ж. Хасанбаевге тапшырылсын.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |