Загрузка документа…
ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2023-жылдын 10-июлу № 2
Өрүктү айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын кирешелеринин 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Өрүктү айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмү тарабынан иштелип чыккан маалыматтардын негизинде Өрүктү айылдык аймагынын 2024-жылга карата кирешесинин долбоору, 2025-2026-жылдарга карата болжолдуу планын бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 38 003, 0 миң сом, атайын каражатынын кирешеси 1 400, 0 миң сом болуп бекитилсин.
2. Өрүктү айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражатынын кирешесинин болжолдуу долбоору:
-2025-жылдын бюджетинин кирешеси 38 644, 0 миң сом, атайын каражаты 1 410, 0 миң сом;
-2026-жылдын бюджетинин кирешеси 38 970,0 миң сом, атайын каражаты 1 430,0
миң сом болуп бекитилсин.
3. Аталган жылдарга карата бюджеттин чыгаша бөлүгү ушул кирешелерге негизделип бекитилсин.
4. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |