ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2023-жылдын 10-июлу № 3
Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги дан эгиндерин оруп, жыйноочу техниканын (комбайн) кызмат көрсөтүүсүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Айыл аймактын эсебиндеги техникаларды мөөнөтсүз пайдаланууга алган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовдун кайрылуусуна ылайык, Өрүктү айыл аймагынын эсебиндеги дан эгиндерин оруп, жыйноочу техниканын (комбайн) кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифин бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы токтом кылат:
1. НОВА 340 үлгүсүндөгү дан эгиндерин оруп, жыйноочу комбайндын кызмат көрсөтүүсүнүн төлөмү 2023-жыл үчүн төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
- Суулуу аянттагы дан эгиндерин оруу – 5 000 (беш миң) сом;
- Кайракы аянттагы дан эгиндерин оруу – 4 000 (төрт миң) сом.
2. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө, техникаларды мөөнөтсүз пайдаланууга алган жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Өрүктү айылдык кеңешинин төрайымы |
К. С. Усенбаева |