Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-декабрындагы 2022-жыл № 22/6
Техникалык корутундулардын негизи жөнүндө
Кочкор айыл аймагында жайгашкан Манаф Аубакиров көчөсү №3 дарегиндеги имаратты изилдөөнүн Бишкек шаарынан 2022-жылы 15-декабрда чыккан корутундусунун негизинде жана «Асель» бала бакчасындагы №3 корпусуна Нарын шаарынан 2008-жылы чыккан №103 техникалык корутундусунун негизинде бузуу боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Манаф Аубакиров көчөсү №3 дарегиндеги имаратты изилдөөнүн Бишкек шаарынан 2022-жылы 15-декабрда чыккан корутундусунун негизинде жана «Асель» бала бакчасындагы №3 корпусуна Нарын шаарынан 2008-жылы чыккан №103 техникалык корутундунун негизинде бузулсун.
2. Бузуу иштеринин документтерин даярдап мыйзамдын негизинде иш алып баруу жана токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясын тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Н.Сакыева |