ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №9
“Жалал-Абад шаарынын Ы.А.Айсариев көчөсү №117 дарегинде жайгашкан “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имараттарынын ижара акысын бекитүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 29.07.2024-жылдагы чыг.№01-7/807-катынын жана каттарга тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы X сессиясынын №3 токтому жокко чыгарылсын.
- Жалал-Абад шаарынын Ы.Айсариев көчөсү №117 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 25268,0 чарчы метр түзгөн муниципалдык жер аянтынын жана жер аянтында турган “Курманбек Баатыр” атындагы кыргыз-түрк балдар лицейинин имараттарын пайдалануу үчүн ижара акы бир жылына 740,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ата-энелер төлөмүнүн өлчөмү көтөрүлгөн учурда бул токтом кайрадан кароого тийиш жана 5 (беш) жылда бир жолу тарифти кайрадан кароо үчүн Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кароосуна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктү натыйжалуу пайдалануу, кыргыз-түрк лицейинин жетекчилигине жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |