Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-декабрындагы 2022-жыл № 22/5
Район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу жөнүндө
Ар бир айыл аймагынын тарифтери да ар кандай баада коюлган,ошондуктан жайыт пайдаланууда, жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуу максатында район аймагында бирдиктүү тариф кабыл алуу боюнча Кочкор райондук администрациясынан келген №01-9/2105 сандуу катты карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтү боюнча ар бир баш бодо малдын (уй жылкыга) башына 100 (жүз) сом, топозго 400 (төрт жүз ) сом, кой-эчкиге 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин бюджетинин киреше бөлүгүн толук аткаруу жана чыгымдоолорду мыйзамга ылайык жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловго тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Н.Сакыева |