Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-декабрындагы 2022-жыл № 22/4
Кочкор айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кочкор айыл аймагынан №4137, 4138, 4170 Калыгул Бай уулу, Теңдик шайлоо округунан депутат Сыдыков Бердибек Даткаевич мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандатын тапшырууну сурап Кочкор айылдык шайлоо комиссиясына жазган арызын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 34 жана 39-беренесинин негизинде, Кочкор айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 6-декабрь 2022-жылы чыккан №100 токтомунун негизинде Зарылбек Табалдиев Кочкор айылдык кеңешинин депутаты болуп киргизилсин.
2. Өнөр жай, инвестиция тартуу жана жаштар иштери боюнча туруктуу комиссиясы өзгөртүлүп, Сыдыков Бердибек Даткаевичтин ордуна Зарылбек Табалдиев алмаштырылып кайра түзүлсүн.
Төраганын орун басары |
| Н.Сакыева |