Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
23-декабрь 2022-жыл № 22/2
Кочкор айыл аймагындагы СПАнын ирригациялык курулмаларын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы «Тес-Төр» жана Теңдик айылындагы «Баба-Дыйкан» суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын ирригациялык курулмаларын муниципалдык менчикке берүү жөнүндөгү 21.12.2022-жылдагы протоколдук чечимдеринин негизинде Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Исраиловдун сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 2-жана 19-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Кочкор айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Кочкор айыл аймагына караштуу Большевик айылындагы «Тес-Төр» жана Теңдик айылындагы «Баба-Дыйкан» суу пайдалануучулардын ассоциацияларынын ирригациялык курулмаларын муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы М.Исраиловго төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
- Кочкор айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмалары түрүндө мүлкү кабыл алуу актысын түзүп иш алып баруу;
- Кочкор айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмаларды кабыл алуу актысына кол койдуруп, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүп жана мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына каттатуу;
- Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестирине камтуу.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика жана салык жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары |
| Н.Сакыева |