Редакцияот 14.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз XXV сессиясынын

 

2023-жылы 14-апрелиндеги № 25-2

 

Ат-Башы айылындагы кулап калуу коркунуч жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак дарактарды кыркууга уруксат берүү үчүн комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Р. Асанкул уулунун берген маалыматынын негизинде , Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ат-Башы айылындагы кулап калуу коркунуч жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан бак дарактарды кыркууга уруксат берүү үчүн комиссиянын курамы төмөндөгүдөй түзүлсүн:

 

Комиссиянын төрагасы: И. Мелисов- курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;

Комиссиянын катчысы: Р. Асанкул уулу-айыл өкмөттүн инвестиция тартуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси;

Комиссиянын мүчөлөрү: М. Карымбаев- курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;

Н. Карыбеков-айыл өкмөттүн башкы адис юристи;

Э.Кален уулу-Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ысык-Көл Нарын регионалдык башкармалыгынын көзөмөлдөө жана текшерүү кызматынын башкы инспектору;

 

2. Түзүлгөн коммисия өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин;

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын орун басары

 

Э. Толубаев