Редакцияот 23.10.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 23-октябры № 639

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламенти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентинде:

- 544-пункттун экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлору - 9 жумуш күн (100 барактан ашкандар - 16 жумуш күн);

- эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору - 5 жумуш күн;

- 10 жумуш күндө макулдашылууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин жана инвестициялык макулдашууларынын долбоорлорун жактыруу жана макулдашуу жөнүндө тескемелердин долбоорлорун кошпогондо, тескемелердин долбоорлору - 3 жумуш күн.";

- 545-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"545. Мыйзамдын, Министрлер Кабинетинин актысынын долбоорун кароонун жыйынтыгы боюнча макулдашуучу мамлекеттик орган демилгечиге позициясын чагылдыруу менен долбоорду макулдашуу жөнүндө мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлган катты берет, буга жетекчиси бир эле учурда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган кирбейт. Мындай учурда милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары же орун басары кол койгон мамлекеттик органдын каты менен долбоорду макулдашууга жол берилет (милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн тиркөө менен). Эгер ченемдик укуктук актыларда макулдашуучу органдын корутунду берүүсү каралса, ал мамлекеттик органдын биринчи жетекчиси тарабынан кол коюлууга жатат жана катка тиркелет. Биринчи жетекчилер жок учурда каттар (корутундулар) алардын милдеттерин аткаруучу адамдар тарабынан кол коюлушу мүмкүн. Актылардын долбоорлорун мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилеринин милдетин аткаруучу адамдар менен макулдашуу, анын ичинде долбоорлорду бир эле мезгилде Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордун ээлеген мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басары же орун басары менен макулдашуу мамлекеттик органдын позициясы катары макулдашуу болуп эсептелет жана Министрлер Кабинетинин мүчөсү менен макулдашуу катары эсептелбейт.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

 Төрагасы

 

 

 

А.У. Жапаров