Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №10
“Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын Ырыс айылындагы Б.Абжаббаров көчөсүнүн капиталдык ремонттунун долбооруна макулдук берүү жана үлүштүк каржылоосун бөлүп берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 09.07.2024-ж. чыг.№01-19/3863-сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан «Жалал-Абад шаарынын Ырыс айылындагы Б.Абжаббаров көчөсүнүн капиталдык ремонттунун долбоорунун сметалык баасы 2 087 811 (эки миллион сексен жети миң сегиз жүз он бир) сом түзгөн долбоорго макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан Жалал-Абад шаарынын мэриясына сметалык баасы 2 087 811 (эки миллион сексен жети миң сегиз жүз он бир) сом түзгөн Жалал-Абад шаарынын Ырыс айылындагы Б.Абжаббаров көчөсүнүн капиталдык ремонтуна долбоордун жалпы суммасынан 30% тактап айтканда 600 000 (алты жүз миң) сом акча каражатын Жалал-Абад шаарынын бюджетинен үлүштүк каржылоого каралган акча каражатынан бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын шаардык кенештин бюджет, экономика, финансы, каржы жана салык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |