Редакцияот 10.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 10-ноябры № 117

 

Талас районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө

 

Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз № 27 сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы №350 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрү” боюнча андан аркы чаралар” жөнундө Жарлыгы колго алынсын

2. Бердике баатыр айыл аймагы Калба, Жерге-Тал айыл аймагын бириктирүү менен Беш-Таш айыл аймагы болуп аталсын.

3. Бириккен Беш-Таш айыл аймагынын борбору Кум-Арык айылында жайгашсын.

4. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштерин райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тажыкановго жүктөлсүн.

5. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бердике баатыр айыл Кеңешинин төрагасы Азизбек уулу Улукмырзага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Азизбек уулу Улукмырза