Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №12
“Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык жер тилкелерин Евразия өнүктүрүү банкына убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.07.2024-жылдагы чыг.№01-19/4049 сандуу катынын негизинде жана ага тиркелген иш-кагаздары Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Пушкин көчөсүнүн №150а дарегинде жайгашкан 30000 чарчы метр муниципалдык жер тилкесин (идентификациялык коду 3-10-03-0021-1548) Евразия өнүктүрүү банкына билим берүү уюмунун курулушуна 6 (алты) жылдык мөөнөткө акысыз (убактылуу) пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |