Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №13
“Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Бал таңгактоочу жабдууларды муниципалдык мүлккө өткөрүп алуу жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 18.07.2024-жылдагы чыг.№01-19/4080 сандуу катты жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Бал таңгактоочу жабдууларды муниципалдык мүлккө өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгына 7200000,0 (жети миллион эки жүз миң) сом акча каражатына алынган Бал таңгактоочу жабдууларды муниципалдык мүлккө өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |