Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №15
“Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы муниципалдык аймактык башкармалыгынын курамындагы “Колмо” айылы жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.08.2024-жылдагы чыг.№01-19/4455 сандуу каты жана ага тиркелген иш-кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областынын мамлекеттик акимдигинин 28.03.1993-жылдагы №103р буйругу менен Т.Тайгараев атындагы совхоздун “Колмо” айылы, Көк-Жангак шаардык мамлекеттик акимдигине өткөрүп берилгендиктен, Кыргыз Республикалык Улуттук статистикасынан “Колмо” айылын Жалал-Абад шаарынын базасынан чыгарууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |