Загрузка документа…
БЕРДИКЕ БААТЫР АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 10-ноябры № 118
Талас райондук өнүктүү фондуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Бердике баатыр айыл аймагында төмөндөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Талас райондук өнүгүү фондуна сунуштоо максатында Депутаттардын Бердике баатыр айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз № 27 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бердике баатыр айыл Бердике баатыр айыл өкмөтүнө Самосвал Камаз сатып алуу
2. Козучак айылындагы маданият үйдү капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү
3. Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу үчүн материалдарды сатып алуу
4. К. Нурбеков орто мектебинин от казанын куруу жана жылуулук системасын толугу менен жаңылап алмаштыруу
5. Арашан орто мектебинин имаратын капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү
6. Иригация маселесин чечүү максатында ички арык, каналдарды тазалап жана капиталдык оңдодон өткөрүү
7. Жогоруудагы долбоорлорду каржылоо үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондунан жана башка донордук булактардан каржылоо жагы суралсын
8. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Талас райондук жана шаардык архитектура башкармалыгынан суралсын.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Э.Тажыкановго жүктөлсүн.
Төрага | Азизбек уулу Улукмырза |