Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №1

 

Кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө

 

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылдын №01-19/497 чыгыш сандуу  1-пунктунда кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө   кайрылуусун   карап  жана  талкуулап  Каныш-Кыя   айылдык  Кеңешинин   VII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII  сессиясы токтом    кылат:

                                                             

1.Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 12.06.2023-жылдын  №01-19/497 чыгыш сандуу  кайрылуусунун   1-пункту  эске алынсын.

2. Каныш-Кыя  айыл өкмөтүнүн  2023-жылдын 5  (беш) айына  карата жергиликтүү  бюджетинин киреше  бөлүгүнүн  атайын каражат салык эсебине жалпысынан  2 912 596  (эки миллион тогуз жүз он эки миң беш жүз токсон алты) сом акча каражатына кошумча план алуу жагы суралсын. Суралган акча каражаты төмөндөгү  аткарыла турган жумуштарга жумшалсын .

-       Ар кандай чыгымдар беренесинен чыгымдоого 322 700 (үч жүз жыйырма эки миң жети жүз ) сом акча каражаты.Мыйзамдуулук  менен иш алып баруу ,жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлсүн. 

-       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу  Каныш-Кыя айылына демөөрчүлүк иретинде салынган мечиттин өздүк салымы үчүн даярдалган долбоор сметанын негизинде 2 289 896  (эки  миллион эки жүз сексен тогуз миң сегиз жүз токсон алты) сом акча каражаты.

-       Чаткал районунун өнүктүрүүнүн 5 (беш) жылдык стратегиялык планына ылайык, Каныш-Кыя айылына кышкы оюндарды өткөрүү үчүн муз аянтчага керектелүүчү шаймандарды алууга 300 000 (үч жүз миң )  сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg  маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.     Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл  өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.

 

Төрага

М.Ш. Аликеев