ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №16
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесине жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын 15.08.2024-жылдагы чыг.№01-19/4659-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын Барпы-Сейил көчөсүнүн №282 дарегинде жайгашкан Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын эскилиги жеткен авариялык абалдагы имаратын бузууга макулдук берилсин.
- Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Ж.Бөрүкулов) аукцион аркылуу сатуу жагы жүктөлсүн, имараттарды бузууда коопсуздукту сактоо шарты менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |