Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №17
“Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктү бузууга уруксат берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.08.2024-жылдагы чыг.№01-19/4673 сандуу каты Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин 08.08.2024-жылдагы кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык “ЛЕД” электрондук экрандардын ижара тарифи №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) ушул токтомду аткарылышын жетекчилике алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |
Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин “27” август 2024-жылдагы кезектеги XLIV сессиясынын №17 токтомуна №1-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан муниципалдык (LED) электрондук экранга жарнактарды жайылтуу үчүн 1-айлык ижара наркы
№ | Аталышы | 1 даана жарнактын 1-айга коюлуучу наркы |
1 | Видео жарнак (ролик) 1 мүнөткө чейин | 7000,0 |
| Видео жарнак (ролик) 1 мүнөттөн ашса | 10000,0 |
2 | Сүрөт (фото) слайд-шоу | 5000,0 |
3 | Сүрөт (фото) 1 даана | 3500,0 |
4 | Жүгүртмө сөздөр | 2000,0 |
Башкы адис | Ж.Каратаева |