ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №18
“Жалал-Абад шаарындагы Шабдалы Зар базарындагы тарифтерди бекитүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 26.08.2024-жылдагы чыг. №01-19/4862 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаарынын мэриясынын сунушунун негизинде муниципалдык менчике жаңы кабыл алынган Шабдалы Зар базарынын белгиленген зоналарынын тарифтерин көрсөтүлгөн схемага ылайык №1 зонадан №9 зонага чейин ижара акысы бир чарчы метрге 13 сом, кызмат акысы 3 сом, жалпы-16 сом, №10 зонадан №27 зонага чейин ижара акысы бир чарчы метрге 7 сом, кызмат акысы 3 сом, жалпы-10 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Эсептин негиздөөчү материалдардын тактыгына жоопкерчилик, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |