Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

2023-жылдын 14-февралы № 9/6

ЕБРР тарабынан каржылануучу «Кербен шаарынын ичүүчү таза жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо» долбоорун жокко чыгаруу (денонсациялоо) жөнүндө

Кербен шаарынын мэриясынын 2023-жылдыгн 13-январындагы ЕБРР тарабынан каржылануучу «Кербен шаарынын ичүүчү таза жана саркынды суу системаларын реабилитациялоо» долбоорун жокко чыгарууга (денонсациялоо) макулдук берүү жөнүндө №01-20/18 сунушун, жер жана агрардык маселелер боюнча комиссиянын 15.01.2023-жылдагы №23 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кербен шаарынын мэриясынын сунушуна негиз, “ЕБРРдин каржылоосундагы “Кербен шаарынын ичүүчү таза жана саркынды суу системасын реконструкциялоо” долбоору боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууга (денонсациялоо) макулдук берилсин.

2. Кербен шаарынын мэриясы жогорудагы долбоор боюнча келишимди жокко чыгаруу жана токтотуу боюнча чараларды көрсүн.

3. “Кербен шаарынын ичүүчү таза жана саркынды суу системасын реконструкциялоо долбоору үчүн ЕБРР тарабынан кредит алууга макулдук берүү жөнүндө” Кербен шаардык кеӊешинин 2019-жылдын 30-августундагы 19/2 токтому жокко чыгарылсын.

4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияны төрагасы А.Турдалыевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

кеӊешинин төрагасы :

 

Ж.Омуралиев