КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №4
План алууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу 1-пунктунда кошумча план алууга уруксат берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
токтом кылат:
- Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылдын №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун 1-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 5 (беш) айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга бекитилген пландан ашыкча аткарылган 20 000 000 (жыйырма миллион) жана калктуу конуштарга жер ижарасына 3 000 000(үч миллион) сом жалпысынан 23 000 000 (жыйырма үч миллион ) акча каражатына кошумча план алууга уруксат берилсин .
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш. Аликеев