Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №10

Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна  сунуштоо жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 07.06.2023-жылы №01-19/468 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын С.Нармырзаев көчөсүнүн көчө жарыгынын  курулуш иштеринин жүрүшүндө долбоор сметага өзгөртүү киргендиги жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги XXVIII сессиясы  токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 07.06.2023-жылы №01-19/468 чыгыш сандуу  кайрылуусунун   эске алынсын. 

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылынын С.Нармырзаев көчөсүндөгү  көчө жарыгынын мамычалары жылдырылгандыктан долбоор сметага өзгөртүү киргизилип 1 336 179 ( бир миллион үч жүз отуз алты миң жүз жетимиш тогуз ) сом акча каражатын мыйзамдулук жагын карап чечип берүү үчүн   Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна  сунушталсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат  сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго  милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                            М.Ш. Аликеев