Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2024-жылдын 29-июлу № 150
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ветеринария жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 11, 997-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада мамлекеттик тилдеги текстте "амандыкты" деген сөз "бакубаттуулукту" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-беренеде:
а) алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"ветеринардык дары каражаты - жаныбардын организми менен байланышка кирүүчү жана жаныбарлардын ылаңдарын дарылоого, алдын алууга, жаныбардын физиологиялык функцияларын калыбына келтирүүгө, коррекциялоого же өзгөртүүгө, бооздукту сактоого, болтурбоого же токтотууга, эвтаназияга, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарын диагностикалоого багытталган затты билдирүүчү же болбосо заттарды же заттардын комбинациясын камтуучу каражат (жаныбардын организми менен байланышка кирбеген заттарды же алардын комбинацияларын кошпогондо). Ветеринардык дары каражаттарына таасир этүүчү заттар, анын ичинде фармацевтикалык субстанциялар, ошондой эле ветеринардык дары препараттары кирет;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи-тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"ветеринардык-санитардык мониторинг - жаныбарлардын ден соолугунун абалындагы өзгөрүүлөрдү табуу, контролдонуучу товарлардын (продукциянын) коопсуздугу жана алардын ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келүүсү жөнүндө жалпы аныктоо максатында пландалган жана ырааттуу байкоолорду же талдоону жүзөгө ашыруу;
ветеринардык (ветеринардык-санитардык) талаптар - ветеринардык контролдоо жана көзөмөлдөө объекттерине коюлуучу, Кыргыз Республикасынын аймагына жаныбарлардын жугуштуу, анын ичинде адам менен жаныбарлар үчүн жалпы ылаңдардын козгогучтарын жана ветеринардык-санитардык жактан кооптуу жаныбарлардан алынган товарларды алып келүүгө жана таратууга жол бербөөгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү талаптар;
таасир берүүчү зат - жаныбардын организмине тийгизген таасиринин натыйжалуулугу менен байланышкан, ветеринардык препараттын курамындагы биологиялык, биотехнологиялык, минералдык же химиялык жактан алынган зат;";
в) мамлекеттик тилдеги онунчу абзацта "дары-дармек" деген сөз "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
г) он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"карантин - жаныбарлардын карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу ылаңдарынын жайылуусун болтурбоого жана жок кылууга багытталган атайын жана уюштуруу иш-чараларынын режими;";
д) мамлекеттик тилдеги жыйырманчы абзацта "амандык" деген сөз "бакубаттуулук" деген сөзгө алмаштырылсын;
е) төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи жана жыйырма экинчи абзацтар менен толукталсын:
"ветеринардык препарат - дары түрүндөгү ветеринардык дары каражаты;
эвтаназия - жаныбарды ооруга жана азапка салбастан жансыздандыруу;";
3) мамлекеттик тилдеги 2-берененин 4-пунктунда "амандыкты" деген сөз "бакубаттуулукту" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 3-беренеде:
а) 2-пунктта "амандыгын" деген сөз "бакубаттуулугун" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 4-пунктта "дары-дармек" деген сөз "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 6-беренеде:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ветеринария жаатындагы айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тизмеге ылайык ветеринардык практикага укугу бар жеке жана юридикалык жактарга келишимдик негизде берүү;";
6) 8-пунктта "дары-дармектердин" деген сөз "дары каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) аймактарды ветеринардык зоналаштыруу, ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү;";
г) 14-пунктта "биопрепараттардын" деген сөз "ветеринардык дары каражаттарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги 10-беренеде "амандыгы" деген сөз "бакубаттуулугу" деген сөзгө алмаштырылсын;
7) төмөнкүдөй мазмундагы 10-1-берене менен толукталсын:
"10-1-берене. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү
1. Ветеринардык-санитардык мониторинг төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:
1) ветеринария жаатындагы мамлекеттик программаларды жана стратегияларды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын ишке ашырылуусуна баа берүү;
2) эпизоотиялык бакубаттуулукту жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
3) жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган продуктулардын, ветеринардык дары каражаттарынын, тоюттардын, тоют кошулмаларынын жана ветеринардык контролго жана көзөмөлгө алынууга тийиш болгон башка товарлардын коопсуздугун контролдоо.
2. Ветеринардык-санитардык мониторинг жүргүзүү эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
8) мамлекеттик тилдеги 16-берененин 1-пунктунда "амандыкты" деген сөз "бакубаттуулукту" деген сөзгө алмаштырылсын;
9) мамлекеттик тилдеги 17-берененин 2-бөлүгүндө "дары-дармек" деген сөз "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 18-беренеде:
а) 2-пунктта "ишканалар" деген сөз "объекттер" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) мамлекеттик тилдеги 3-пунктта "дары-дармек" деген сөз "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
11) 19-берененин 4-бөлүгүндө:
а) мамлекеттик тилдеги 7-пунктта "дары-дармек" деген сөз "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 9-пунктта "администрациялык жаза" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жаза чараларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12) 21-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн натыйжалары боюнча таасир этүүнүн укуктук чараларын көрүү максатында кызмат адамдары тарабынан төмөнкүлөр чыгарылат:
1) Кыргыз Республикасынын ветеринария, ветеринардык дары каражаттарын, тоютту жана тоют кошулмаларын жүгүртүү, жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган продуктуларды идентификациялоо, жаныбарлардан алынган продуктулардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мыйзамдарын бузууларды жоюу тууралуу, ошондой эле иштин белгилүү бир түрүн токтотуп туруу жөнүндө милдеттендирүүчү буйруктар;
2) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер;
3) ветеринардык көзөмөлдөнүүчү жана контролдонуучу товарларды жана жүктөрдү кармоо, кайтаруу актылары, ошондой эле аларды утилдештирүү/жок кылуу зарылдыгы жөнүндө милдеттендирүүчү буйруктар.";
13) 22-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө
1. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү көзөмөлдү ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жол берилет.
3. Ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын өндүрүүгө, сактоого, ташууга, сатууга жана жок кылууга талаптар Кыргыз Республикасынын ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актылар менен аныкталат.";
14) 26-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда "препараттарды жана дары-дармек" деген сөздөр "дары" деген сөзгө алмаштырылсын;
15) 28-беренеде:
а) 2-бөлүктө "иммундук-биологиялык дары-дармектерди" деген сөздөр "ветеринардык дары каражаттарды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүктө "дары-дармектерди" деген сөз "ветеринардык дары каражаттарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
16) 29-беренеде:
а) 1-бөлүктө "жарандык, администрациялык, жазык жоопкерчилигин" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык, укук бузуулар жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө "жарандык, администрациялык жана жазык" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын жарандык, укук бузуулар жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 30-беренеде:
а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөн кийин "укук бузуулар жөнүндө, кылмыш-жаза" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
в) 3-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 22-октябры, № 109) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 7-берененин 19-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) өзгөчө кырдаалдардын, табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат, ошондой эле тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт;";
2) 11-берененин 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары жайылган учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
3) 48-берененин 16-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) шаардын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
4) 51-берененин 10-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10) айылдын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.";
5) 54-берененин 11-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11) Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |