Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023–жылдын 06-апрелиндеги №22/77
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларды сатып алууда сарпталуучу чыгымдарды бөлүп берүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 34-беренесине, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023–жылдын 24-мартындагы №44 жана 2023–жылдын 03-апрелиндеги №45 протоколдоруна негиз жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 2023-жылдын 24-февралындагы № 01-8/282 жана 2023-жылдын 31-мартындагы № 01-8/541 каттарын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларды сатып алууда 2023-жылга жалпы 25630,3 (жыйырма беш миллион алты жүз отуз мин үч жүз) миң сом же 295272 (Эки жүз токсон беш миң эки жүз жетимиш эки) АКШ доллары. Анын ичинен өздүк салым катары сарпталуучу акча каражаттары 15000,0 (он беш миллион) миң сому же 173672 (бир жүз жетимиш үч миң алты жүз жетимиш эки ) АКШ доллары (№1-тиркемеге ылайык) жергиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 1-январына калган калдыгынын эсебинен Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 3112-активтер беренеси аркылуу төлөнүп берилсин.
2. Ошондой эле №1-тиркеменин 8-9-пункттарында жазылган транспорт каражаттарына лизингтик кайтарым 2023-жылга 10630,3 (он миллион алты жүз отуз миң үч жүз) миң сому же 121600 (бир жүз жыйырма бир миң алты жүз) АКШ доллары бюджеттик мекемелердин 2023-жылга бекитилген 3111 жана 3112-активтер беренелеринин үнөмдөлгөн акча каражаттарынын эсебинен Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын 3112-активтер беренеси аркылуу каржылануусу белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Калматов |
| Кызыл-Кыя шаардык кенешинин (VII-чакырылышы) 2023-жылдын 06- апрелиндеги кезексиз 22-сессиясынын № 22/77 токтомуна 1-тиркеме |
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу 10 бирдик коомдук транспорт жана 2 даана катуу калдыктарды ташуучу атайын техникаларды сатып алууда сарпталуучу акча каражаттары
(доллар-төлөө күнүндөгү Улуттук Банктын курсу менен)
№ | Алынуучу техникалар | Саны | Баасы | Жалпы баасы, USD | ϴКϴФ салымы | ϴздʏксалым | Салыштырма салмак, % |
1 | Автобус «ISUZU SAZ HC-40» | 6 | 37 000 | 222 000 | 155400 | 66 600 | 34,5% |
2 | Автобус «ISUZU SAZ NP-26» | 4 | 37 500 | 150000 | 105000 | 45000 | 35% |
3 | «ISUZU FVR 34K» (мусоровоз), таштанды ташуучу унаа бункеринин көлөмү - 12 м3 | 2 | 80 000 | 160 000 | 112 000 | 48 000 | 29,9% |
4 | «УНАА» ММ каттоого кеткен чыгымдарды тɵлɵɵ ʏчʏн(ар бир транспорт 9500 сом) |
12 |
|
1 357 | 0 |
1 357 | 0,25% |
5 | Бажы төлөмдөрү (атайын техниканын жалпы наркынын 0,25%); |
|
|
1 330 | 0 |
1 330 | 0,25% |
6 | Техникаларды жыл сайын камсыздандыруудан ɵткɵрүү (жалпы сатып алынган наркына карата 2%) тɵлɵм | 12 |
|
|
|
10640 |
|
7 | Лизингди берүүнү уюштуруу боюнча комиссия тɵлɵмʏ (лизингдин суммасынан 0,2%).
|
|
|
745 | 0 |
745 | 0,14% |
| Жалпы: |
|
| 532 432 | 372 400 | 173 672 |
|
| Каржылоо ʏлʏшʏ |
|
| 100% | 69,6% | 30,4% |
|
Мындан сырткары кийинки төлөмдөр болот:
(доллар-төлөө күнүндөгү Улуттук Банктын курсу менен)
8 | Лизингке Сатып алынган техникалардын жылдык 5% пайыз тɵлɵмү (бир жылдык) |
|
|
|
|
95 000 |
|
9 | Жабдуулардын жылдык техникалык тейлɵɵгɵ кеткен чыгымдары (техниканын наркынан 5%) (532 000 долл * 5% = 26 600 долл. болжолдуу). |
|
|
|
|
26 600 |
|
| №8, №9 пункттар боюнча жалпы: ϴзбек-Кыргыз ɵнʏктʏрʏʏ фонду |
|
|
|
| 121 600 |
|
| Жалпы: |
|
|
|
| 295 272 |
|