Редакцияот 12.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы

2023-жылдын 12-июну  №21

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө үй там салып берүү жөнүндө

 

      Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун  Каныш-Кыя айыл аймагындагы  майып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айылдык жыйналыштардын жыйынтыгы менен тандалып алынган үй-бүлөлөргө  үй там салып берүү боюнча  кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII чакырылышынын  кезектеги  XXVIII сессиясы токтом кылат:

1.     Каныш-Кыя айыл аймагындагы майып, аз камсыз болгон  жарандардын кайрылуулары  эске алынсын.

2.     Каныш-Кыя айыл аймагындагы  майып, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айылдык жыйналыштардын жыйынтыгы менен тандалып алынган  төмөндөгү                       үй-бүлөлөргө  үй там салып берүү  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин социалдык төлөмдөргө бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен  бөлүнүп берилсин.

3.     Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик

            укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук

            мамлекеттик администрациясынын расмий  www.chatkal.kg маалымат    

            сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4.     Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик

            укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя

           айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.     Бул  токтомдун аткарылышын  камсыз   кылуу жагы  финансы  экономика

бөлүмүнө,  көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу  комитетине тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                            М.Ш. Аликеев