Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XLIV сессиясынын
2024-жылдын 27-августу №20
“Жалал-Абад шаарынын Бахрейн шаарчасында жайгашкан спорт залды Исхак Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олипиадалык резерв мектебине оперативдик башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 23.08.2024-жылдагы чыг. №01-19/4840 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин кеңейтилген жыйынында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 2024-жылдын 19-июнундагы XLIII сессиясынын №13 токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын Р.Азимов көчөсүнүн №82а дарегинде жайгашкан муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы спорт залды 2307,5 чарчы метр жер аянты менен Исхак Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебине оперативдик башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти Исхак Раззаков атындагы адистештирилген балдар-өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин директоруна (Ч.К.Аканов) оперативдик башкарууга берилген мүлктөрдүн сакталуусун өз жоопкерчилигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (Ж.Каратаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | А.Дуйшеев |