КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №23
Чачыранды алтын кенин казып алуу жөнүңдө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 01.06.2023жылы №01-19/434 чыгыш сандуу ”Интер Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коомдун катынын негизинде жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 01.06.2023-жылы №01-19/434 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылынын “Чанач 2” участкасындагы “Аскар Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коому иштеткен жер аянтты азыркы күндө “Аскар Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коому “Интер Тоо Кен” болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу “Аскар Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коому чачыранды алтын казып алуу үчүн иштеткен жер аянтын тегиздөө иштерин (рекультивация) “Интер Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коомуна милдеттендирилсин. Мыйзамдуулук менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат
сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш.Аликеев