Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы
2023-жылдын 12-июну №8
Чакмак-Суу негизги билим берүү мектебинин оңдоо иштери боюнча
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылы №01-19/475 чыгыш сандуу 7-пунктунда Чакмак-Суу негизги билим берүү мектебинин спорт залын, мектептин алдын брусчатка басууга, мектепке шкаф , акылдуу доска алууга уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековдун 08.06.2023-жылы №01-19/475 чыгыш сандуу кайрылуусунун 7-пункту эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна “Оптимум Трейд” жоопкерчилиги чектелген коом тарабынан 2021-жылы түшкөн 2 000 000 (эки миллион) сом , 2022-жылы 2 000 000 (эки миллион) жалпысынан 4 000 000 (төрт миллион) сом акча каражатын , Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылындагы Чакмак-Суу негизги билим берүү мектебинин спорт залын капиталдык ремонттон өткөрүүгө, мектептин алдына брусчатка басууга жана мектепке 14 (он төрт ) даана шкаф, 1(бир) даана акылдуу доска алууга уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат
сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмотүнүн башчысы Б.Исабековго, аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнин бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго милдеттендирилсин.
Төрага М.Ш.Аликеев