Загрузка документа…
ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-январы № 01-5/67
Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсү боюнча 2023 – жылдын жергиликтүү бюджети менен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча угуп, талкуулап чыгып, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын отурумунун 23.01.2022 – жылдагы №11 Протоколуна ылайык Военно – Антоновка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга карата киреше боюнча 44691,9 миң сом жана атайын каражатынын кирешеси 5000,0 миң сом бюджети бекитилсин. (№1 тиркеменин негизинде)
2. Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн 2023 – жылга карата чыгашасы боюнча 44691,9 миң сом жана атайын каражатынын кирешеси 5000,0 миң сом бюджети бекитилсин. (№2 тиркеменин негизинде)
3. Военно – Антоновка айыл өкмөтүнүн кызматтык орундарынын түзумү жана штаттык жалпы саны 26 кызматкер, жылдык эмгек акы 70111 ст. 2111. 9347,2 миң сом, ст 2121. 1161,0 миң сом бюджети бекитилсин. (штаттык тиркеменин негизинде)
4. Военно – Антоновка айылдык кеңешинин кызматтык орундарынын түзумү жана штаттык жалпы саны 2 кызматкер, жылдык эмгек акы 70111 ст. 2111. 1019,2 миң сом, ст 2121. 129,5 миң сом бюджети бекитилсин. (штаттык тиркеменин негизинде)
5. Өндүрүштүк муктаждыгына байланыштуу сапарлары үчүн башка жол жүрүү боюнча чыгымдарынын каралган каражаттардын чегинде транспорт акысы унаалар үчүн айыл өкмөтүнүн келишиминин негизинде жүргүзүлсүн.
6. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктары үчүн алынган каражат багыттуу пайдаланылсын.
7. Ашыкча түшүүлөрдөн түшкөн кирешеге, коомдук жана маданий иш – чаралары үчүн, айылдын турак жай – коммуналдык муктаждыктарын жакшыртуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын материалдык жардам берилсин.
8. Айыл өкмөт башчысына бекитилген бюджетке ылайык бөлүмдөр ичинде статьялардан статьяга ыкчам муктаждыктарына карата акча каражаттарынын жылдырып тууралап жүргүзүүсүнө укук берилсин.
9. Озгөчө кырдаалга 200,0 миң со каражаты бекитилсин.
10.Айыл кеңешинин №63, №64, №65, №66 токтомдорунун аткаруу үчүн 2023 – жылдын бюджетине киргизилсин.
11. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги кагаз түрүндөгү документтин тиркемелер)
Төрага | У.Мураталиев |