Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024–жылдын 13-сентябрындагы № 50/9-28
Жайыт жерин ижарага берүүгө уруксат берүү жөнүндө
А.Ф. Юнусовдун № 200, 201, 202, 88, 90 - контурларында жайгашкан 11,0 га жерди жашылдандыруумаксатында, жеке арызын карап жана талкуулап, Сын-Таш айыл Кенеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Жайыт жерине тиешелүү № 200, 201, 202, 88, 90- контурларында жайгашкан 11,0 га жер тилкесин А.Ф. Юнусовго ижарага берүүгө уруксат берилсин.
2. Бөлүнгөн жер участкасына капиталдык курулуш салынбасын.
3. Милдеттемелер мыйзам чегинде аткарылсын.
4. “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө” типтүү Жобого ылайык иш алып барылсын.
5. Ижара келишими Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29.12.2023-жылдагы №735 Токтомдо көрсөтүлгөндөй, “Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишкана менен түзүлсүн.
6. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө“Сын-Таш-Таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Н.Чоткараевге жүктөлсүн.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: |
| Э.Б.Джолдошбеков |