Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024–жылдын 13-сентябрындагы № 49/9-28
Сын-Таш айыл аймагын өнүктүрүү жөнүндө
Сын-Таш айыл аймагынын Өтөгөн айылынын жашоочууларынын кайрылууларынын негизинде жана Сын-Таш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык программасын ишке ашыруу максатында, Сын-Таш айыл Кеңеши
ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:
1. Рот-Фронт айылындагы үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын чатырын алмаштыруу үчүн, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 464 483 миң сом өздүк салым каралсын.
2. Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин аймагын курчоого, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 400 000 миң сом өздүк салым каралсын.
3. Өтөгөн айылын жарыктандырууга, Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан 245 702 миң сом өздүк салым каралсын.
4. Жогоруда аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Чүй областынын өнүктүрүү фондуна, Ысык-Ата райондук өнүктүрүү фондуна жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу дем берүүчү грантка кайрылуу жасалсын.
5. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Асановго жүктөлөт.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: |
| Э.Б.Джолдошбеков |