Загрузка документа…
СЫН-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024–жылдын 30-августундагы № 40/8-28
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетин республикалык трансферттин негизинде көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн аткаруу жөнүндө
Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетин республикалык трансферттин (жер салыгын жоготуунун) негизинде көбөйтүү жана чыгаша бөлүгүн аткаруу үчүн, Сын-Таш айыл кеңеши токтом кабыл алат:
1. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети республикалык трансферттин (жер салыгын жоготуунун) негизинде 1142,1 миң сомго көбөйтүлсүн.
2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн бюджетинен Мектеп бөлүмүнүн 3112 беренеси боюнча 1142,1 миң сомго эмерек алууга жумшалсын.
3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү Сын-Таш айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы Ы.Дуйшебаевага жүктөлөт.
Сын-Таш айыл Кеңешинин төрагасы: |
| Э.Б.Джолдошбеков |