ВОЕННО-АНТОНОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 30-марты № 01-5/72
Бакча участокторун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» Мыйзамын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык бакча участоктору бар субъекттерге жер мунапысын жүргүзүүнүн тартибин аныктоо максатында Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн «Темир Жол» жана «Рассвет-Северный» дачасынын аймагындагы огород участкалары бар жактарга жер мунапысын жүргүзүүнүн тартибин аныктоо максатында
Военно-Антоновка айылдык кеңеши:
1. Бакча участокторун бекитүү боюнча жумушчу топ түзүлсүн.
2. Жумушчу топтун курамына Карымшакова М.К. жана Өскөнбаев А.К. киргизилсин.
3. Жумушчу комиссия өз ишинде "Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө" жобону жетекчиликке алсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Военно-Антоновка айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Мураталиев У.М. |