Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралы № 24-1
2022-жыл ичиндегиайыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын аткарган иштери жөнүндө
2022-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысыА. Аалиевдин жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген отчетторун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин 2022-жылдагы аткарган иштери «канааттандырарлык» деп табылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун 2022-жыл ичинде аткарган иштеринде кетирген кемчиликтерин эске алып, кетирген кемчиликтеринен жыйынтык чыгарып, ишти уюштуруп өз убагында жана сапаттуу аткаруу үчүн 6 (алты) айга сыноо мөөнөтү берилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
К. Айдыралиев |