Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынынкезектеги IV сессиясы
2023-жылдын 06-июлу № 18
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 Жарлыгын Ак-Татыр айыл аймагында ишке ашыруу максатында, 2022-жылдын 7-июнунда Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңеши тарабынан №22 токтому менен бекитилген жобону ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-июнундагы №22 токтомун, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын кезектеги №2 отурумунда протоколун карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV сессиясы токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр Орто-Боз жана Рават айылдарында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” №54 Жарлыгын, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 7-июнундагы №22 токтому менен бекитилген жобону ишке ашыруу максатында Ак-Татыр, Орто-Боз айылдарына жана Рават айылына убактылуу комиссия түзүлүп бекитилсин.
Ак-Татыр жана Орто-Боз айылдарына түзүлгөн убактылуу комиссиянын тизмеси.
1. Жусупов Саатбек
2. Ашимова Манзура
3. Сарыгулова Аширгул
4. Амирбек уулу Алтынбек
5. Эшмурзаева Обидахан
6. Исаков Анарбай
7. Халмурзаев Жеңишбек
8. Таштемиров Абдилашим, Ак-Татыр айылынын борбордук мечитинин имамы.
9. Байтемиров Айжигит, Ак-Татыр айылынын айыл башчысы.
10. Мазеитов Абдимиталип, Орто-Боз айылынын айыл башчысы.
11. Өмүров Ибрагим
12. Дубанаев Абдинаби
13. Эргешов Данияр
14. Джураев Субханберди
15. Мурзакулов Хамзидин
16. Асан уулу Ашимбай
17. Жамалов Нарзилла Аксакалдар соту төрагасы.
18. Бакир уулу Мунарбек
19. Кадыров Таланбек
20. Аймактык тескөөчү
2. Рават айылына түзүлгөн убактылуу комиссиянын тизмеси.
1. Турдуев Бакытбек, Рават айылынын айыл башчысы.
2. Эркинов Дастанбек
3. Жангиров Дурусбек
4. Асанов Дүйшөбай
5. Мажитова Максатай
6. Жанибек Эсенбеков, Рават айылынын имамы.
7. Аймактык тескөөчү
3. Ушул токтомдун аткарылышы, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектуура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга жана Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин төраганын орун басары Э.Бектемировго жүктөлсүн.
Төрага: | Ысаков С.Б. |