АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-февралы № 24-4
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2023-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2023-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Абдымаликовдун, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Аалиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2023-жылдын 1-январына карата 16 883,8 (он алты миллион сегиз жүз сексен үч миң сегиз жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
1) Келишим менен иштеген жумушчу кызматчыларга -907,6 сом;
2) Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн -18,6 сом;
3) Айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн – 197,0 сом;
4) Аксакалдар соту –14,1 сом;
5) Комбайн лизинг жылдык төлөм үчүн – 1583,0 сом;
6) Парк курууга – 2500,0 сом;
7) Элет арх карыз – 181,0 сом;
8) Архитектура карыз – 290,0 сом;
9) Госрегистр – 35,0 сом;
10) Камера борбордук көчөгө- 100,0;
11) Канц. товарга карыз- 50,0;
12) Чарбалык товарларга- 150,0;
13) Көпүрө алууга- 100,0;
14) Актык сатуу базарын куруу үчүн-2000,0;
15) Жасалма уруктандыруучу аппарат алууга- 200,0;
16) Жашылдандыруу көрктөндүрүү үчүн- 375,0;
17) Көчөттөрдүн айланасын тосууга – 2000,0;
18) Бирликтүү терезеге кошумча акча каражаты- 76,0;
19) Ак-Өргө резервуарды жылытуу- 60,0;
20) Адвокаттын кызматы үчүн – 407,0 ( Ботбаевдин иши боюнча);
21) Мектеп крышасын чатырлоого кошумча каражат- 201,0;
22) Архитектура кызматы үчүн – 2000,0 ( 500,0- Босого, Ак-Өргө чөлкөмүнө бала бакчага ПСД, 500,0- Химия чөлкөмүнө бала бакчага ПСД, 500,0; жабык типтеги спорт комплексине; 500,0- жыл ичиндеги кызматтарына)
23) Ак-Өргө топосьемка – 100,0;
24) Жайыт комитетине -30,0;
25) Жыл ичинде тендер өткөрүлгөн иштерди каржылоого – 2515,8 мин сом ( аппарат- 1124,9; мектеп- 797,8; бала-бакчалар-593,14);
26) Ак-Өргө- Химия чөлкөмү маршруткага карыз- 54,1 (732 литр*73,9);
27) ГААЛС – 50,0;
28) Мектептерге окуучуларга жана мугалимдерге стимул берүүгө-300,0;
29) Участкалык инспекторлорго жана ИДН инспекторлоруна канц. товар-5,0;
30) Муниципалитет журналына жазылуу- 10,0;
31) Ар кандай чыгымдарга- 173,6;
32) А. Курманалиев бала бакчасынын чатырын чатырлоого өздүк салым- 200,0;
2. 2023-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 124,8 (бир жүз жыйырма төрт миң сегиз жүз) сом айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак-ашы үчүн пайдаланылсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Аалиевге тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы |
К. Айдыралиев |