ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
2024-жылдын 19-апрели №2
«Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 18.04.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын кароо тууралуу” №01-14/1141 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Садырбаевдин баяндамасы эске алынсын.
- Таш-Көмүр шаарынын административдик чек арасынын схемалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
- Таш-Көмүр шаардык депутаттар кеңешинин төрагасына жана Таш-Көмүр шаарынын мэрине Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлсүн.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |