ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №2
«Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 24.04.2024-жылдагы “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берүү тууралуу” №01-21/1198 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 03.04.2024-жылдагы №89 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын балансындагы Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан мүлктөрүн Таш-Көмүр шаардык мэриясына өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Мүлктөрдү өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Таш-Көмүр шаардык мэриясына милдеттендирилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |