ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №3
«Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсүн жана депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Шаардык мэриянын 17.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасында жана Куруучулар кичи районунда жайгашкан жер аянттарын «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКуна өткөрүп берүү тууралуу” №01-14/1436 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Малабековдун билдирүүсү эске алынсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги №126-т Тескемесинин негизинде, Таш-Көмүр шаарындагы Кызыл-Алма шаарчасынын н/ж дарегиндеги турак жай курулушуна багытталган 12030,0 м2 жер аянты жана Куруучулар кичи районунун н/ж дарегиндеги толук бүтпөй калган турак жай курулушунун 5400,0 м2 жер аянттарын “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКуна мөөнөтсүз пайдалануу үчүн өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.
- Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.Tash-komurkenesh.kg.com расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Малабеков) жүктөлсүн.
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: | С.Кудайбердиев |