Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Көмүр шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясынын
2024-жылдын 28-майы №4
«Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө».
Шаардык мэриянын 22.05.2024-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү тууралуу” №01-21/1479 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Малабековдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXX чакырылышынын кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы:
|
С.Кудайбердиев |
| БЕКИТИЛДИ Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин XXX чакырылышынын 2024-жылдын 28-майындагы кезексиз 26-сессиясынын №4 токтому
|
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы
«Таш-Көмүр Тазалык» чарбалык эсептеги
муниципалдык ишканасынын
Уставы
Таш-Көмүр шаары-2024-жыл.
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын Уставы.
I. Жалпы жоболор
II. Ишкананын милдеттери жана функциялары
III. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
IV. Ишкананы башкаруу
V. Ишкананын мүлкү, финансысы жана кирешесин бөлүштүрүү
VI. Ишкананын эсеби, пландоосу жана отчеттулуугу
VII. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
I. Жалпы жоболор
1.1. Бул Устав Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишмердүүлүгүн жөнгө салат.
1.2. Ишкананын негиздөөчүсү болуп Таш-Көмүр шаардык мэриясы эсептелинет.
1.3. Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекисине, Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик жөнүндө, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйрук жана тескемелеринин, Таш-Көмүр шаардык мэриясынын, шаардык депутаттар Кеңешинин буйруктарынын жана токтомдорунун, ошондой эле ушул Уставдын негизинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.
1.4 Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишкана юридикалык жак болуп эсептелинет, ишкана катары төмөнкүлөргө ээ:
1.5. Ишкананын юридикалык толук фирмалык аталышы:
• Мамлекеттик тилде: Таш-Көмүр шаардык мэриясынын алдындагы «Таш-Көмүр Тазалык» чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасы.
• Расмий тилде: Хозрасчетное муниципальное предприятие «Таш-Кумыр Тазалык» при Таш-Кумырской городской мэрии.
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- “Таш-Көмүр Тазалык” ЧЭМИ;
- ХМП “Таш-Кумыр Тазалык”;
1.6. Ишкана мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган өз аталышы бар мөөргө, штамптарга, фирмалык бланктарга жана башка атрибуттарга ээ.
1.7. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна негизделген, уюштуруучулук укуктук формасы муниципалдык ишкана жана жергиликтүү бюджеттен ассигнованиеленген каражаттардан каржылануучу юридикалык жак болуп саналат.
1.8. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагындагы банктарда алыш – бериш эсептерин, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
1.9. Ишкананын юридикалык дареги: 721400, Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу,Таш-Көмүр шаары, 1-Май көчөсү №1 үй.
II.Ишкананын милдеттери жана функциялары
Ишкананын негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелинет:
2.1.Шаардын аймагында санитардык тазалоо боюнча, коммуналдык тейлөө жүргүзүү, катуу тиричилик таштанды калдыктарын ташып чыгаруу жана канализациялык түтүкчөлөрүн тазалоо жана калыбына келтирүү.
2.2. Ишкана милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
2.3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте төмөнкүдөй иштердин түрлөрүн аткарат:
а) урналарды тазалоо;
б) шаардын аймагын санитардык тазалоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр (муниципалдык жолдор, тротуарлар, бакчалар, жолдун жээк бөлүктөрүн, көчө шыпырындыларын чыгаруу жана көмүү, коомдук жайлар ж.б.);
в) майрамдык иш чараларга аянттарды даярдоо жана көчөлөрдү тазалоо;
г) катуу таштанды калдыктарын ташып чыгаруу;
д) жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди, көпүрөлөрдү, коомдук унаалар токтоочу аялдамаларды санитардык тазалоо;
е) жолбун жаныбарларды атуу жана кармоо, жаныбарлардын тарпын атайын жайларда көмүү, утилдештирүү;
ж) урна жана катуу тиричилик калдыктары үчүн контейнерлерди даярдоо;
з) Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана шаардык Кенешинин протоколдук тапшырмаларына ылайык пландан тышкары башка жумуштарды аткаруу;
и) канализация түтүктөрүн тазалоо, алмаштыруу, оңдоо кызмат көрсөтүүлөрүн жүргүзүү;
2.4. Жеке жана юридикалык жактардан келишимдин негизинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуп, ташып чыгаруу жана көмүү, алардын аткаруу сапатына көзөмөл, эсеп жүргүзүүгө акылуу коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде келишим боюнча ишкананын адистештирилген унаасында же субподрядчиктердин өздөрүнүн адистештирилген техникасын колдонуу менен унаа кызматын көрсөтүүдө юридикалык жана жеке жактарды субподрядчы катары тартуу.
2.5. Ишкананы өнүктүрүү боюнча жылдык жана келечектеги өндүрүштүк программаларды түзүү.
2.6. Кампа чарбасын уюштуруу, автопарк күтүү жана тейлөө.
2.7. Атайын уруксат (лицензия) берилүүчү иш аракеттердин түрүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан берилген лицензиянын негизинде ишкана иш жүзүнө ашырат.
2.8. Ишкана мамлекеттик монополияга каршы органдын, шаардык мэриянын макулдашуусу менен Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан бекитилген баалар жана тарифтер боюнча кызматтарды көрсөтөт.
III. Ишкананын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
3.1 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коюлган милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү укуктарга ээ:
а) ишкана түзүлгөн учурдан баштап мүлктүк жана башка укуктарды, милдеттемелерди алат. Кыргыз Республикасынын мыйзам чегинде соттордо жооп бергич жана доогер катары чыгат, ошондой эле муниципалдык ишкананын өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жана Таш-Көмүр шаардык деутаттар Кеңешинин алдында жооптуу.
б) улуттук жана чет өлкөлүк валютада алыш-бериш жана башка эсептерди ачууга;
в) өкүлчүлүк уюмдардын макулдашуусу менен баланстык болгон киреше алып келүүчү өз алдынча иш аракеттерди жүргүзүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уставда белгиленген тартипте, өз алдынча кирешени колдонууга жана мүлк алууга;
г) өзүнүн акча каражаттарын, мүлктөрүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уставда белгиленген тартипте пайдаланууга;
д) өз алдынча финансы-чарбалык иш аракеттерин ишке ашырууга;
е) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ишмердүүлүгүнөн кирешелерди алууга;
ж) зарыл болгон жабдууларды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет мамлекеттерден сатып алууга;
з) юридикалык жана жеке жактардан өздөрүнүн ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү колдо болгон каражаттардын чегинде кабыл алууга;
и) насыяга жана кредитке каражат алууну, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жүргүзүү;
й) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн кеңейтүү, ишмердүүлүктүн жаңы түрлөрүн киргизүү;
к) муниципалдык ишкананын компетенттүүлүгүнүн алкагында юридикалык актыларды жана иш аракеттерди жүргүзүү, келишимдерди түзүү;
3.2. Ишкананын ишине инвестор катары мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө илимий – практикалык программаларды жана иштеп чыгууларды ишке ашыруучу эл аралык уюмдар катыша алат;
3.3.Ишкана үчүн өндүрүштүн өз алдынча түрлөрүн уюштурууда уюмдаштыруучу тарабынан иштин бул түрүнүн ишин координациялоо ишканага жүктөлөт;
3.4. Ишкана убактылуу эмгек келишиминин, мөөнөттүү эмгек келишиминин, жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишканада иштерди аткаруу үчүн жеке жактарды тартууга укуктуу;
3.5. Ишкананын кызматкерлеринин иш тартиби жана эс алуу, аларды социалдык камсыздоо жана кам көрүү Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын жана ишкананын жамааттык келишимдеринин негизинде жөнгө салынат;
3.6. Ишкананын жоопкерчилиги:
а) бардык кызматкерлери үчүн эмгектик коопсуз шарттарын камсыз кылуу жана келтирилген зыян үчүн мыйзамда каралган тартипте жоопкерчилик тартуу;
б) милдеттүү камсыздандыруу уюмдарынын социалдык, медициналык жана башка түрлөрү менен камсыздоо;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана түзүлгөн келишимдерге ылайык өз милдеттерин так аткаруу;
г) тийиштүү органдарга отчетторду өз убагында берүү, салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана өлчөмдө төлөө;
3.7. Ишкана мэриянын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт ошондой эле мэрия муниципалдык ишкананын карыздары боюнча жоопкерчилик тартпайт;
3.8. Ишкана өзүнө таандык чарба жүргүзүү укугунда берилген кыймылсыз мүлктү муниципалдык менчик ээсинен уруксатсыз сатууга, ижарага берүүгө, күрөөгө коюга, чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештердин уставдык капиталына салым (үлүш) катары киргизүүгө же башка ыкма менен бул мүлктү тескөөгө укугу жок;
3.9. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ишкананын Уставына карама-каршы келбесе менчик ээси менен макулдашуу боюнча бул уставда каралбаган башка укуктарга жана милдеттерге ээ болушу мүмкүн.
IV. Ишкананы башкаруу
4.1. “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасынын директору Таш-Көмүр шаарынын мэринин буйругу менен кызматка дайындалат жана КР нын Эмгек кодексине ылайык ээлген кызмат ордунан бошотулат.
4.2. Ишкананын аткаруучулук тартиби жана аткарылган жумуштары шаардык мэрия тарабынан көзөмөлдөнөт.
4.3. Ишкананын директору жалгыз башкаруунун негизинде иш жүргүзөт жана ишканага жүктөлгөн маселелерди аткарууда жеке жоопкерчиликти алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчилик тартат, уставдын жана эмгек келишиминин негизинде иш аракеттерин жүргүзөт;
4.4. Ишкананын директору:
а) мэрияга жана шаардык депутаттар кеңешине отчет берет жана ишкананын алдына коюлган милдеттердин аткарылышы жана анын ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
б) мэриянын, шаардык депутаттар кеңешинин чечимдерин, тапшырмаларын аткарууну камсыздайт;
в) ишеним катсыз муниципалдык ишкананын атынан иш алып барат, бардык мамлекеттик органдарда жана уюмдарда анын кызыкчылыгын коргойт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда алыш-бериш эсептерин ачат, банктык, финансылык документтерге жана келишимдерге кол коёт;
г) өз компетенциясынын чегинде ишкананын бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
д) ишкананын ишин жетектөөнү жүзөгө ашырат;
е) ишкананын инженердик техникалык кызматкерлеринин, башкы бухгалтеринин, кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын аныктайт;
ж) ишкананын кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик таасир этүү чараларын көрөт;
з) шаардык мэрияга эмгек шарттары жана башка өзгөрүү учурлары жаралган учурда уставга оңдоолорду, толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизет;
и) директор жана башкы бухгалтер эсепке алуунун тууралыгы, финансылык каражаттарды жана муниципалдык ишкананын мүлкүн максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартышат;
к) директор жок болгон учурда муниципалдык ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу мэрия тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде убактылуу дайындалган кызмат адамына берилет.
V. Ишкананын мүлкү, финансысы жана кирешесин бөлүштүрүү
5.1. Ишкананын мүлкү ага чарбалык экономикалык иш жүргүзүү үчүн бекитилет.
5.2. Ишкананын мүлкү негизги жана жүгүртүү каражаттарынан турат жана ишканага чарба жүргүзүү укугунда бекитилет.
5.3. Ишкана чарба жүргүзүү укугуна таандык болгон обочолонгон мүлккө ээ, өз милдеттенмелери боюнча бул мүлккө жооп берет, өзүнүн атынан мүлктүк же мүлктүк эмес укутарга жана милдеттерге ээ боло алат, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
5.4. Ишкана өзүнө бекитилген мүлккө ээлик кылуу, пайдаланууну жана тескөө укугун Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык шаардык мэрия жана шаардык депутаттар кеңеши тарабынан белгиленген чектерде жүзөгө ашырат.
5.5. Ишкана мүлктү уставдын максаттарына жана иштин жагдайына ылайык экономикалык максатка ылайыктуулугун жана мэриянын кызыкчылыктарын эске алуу менен пайдаланат.
5.6. Финансылык-чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелердин эсебинен ишкана тарабынан курулган же сатып алынган мүлк муниципалдык менчике өтөт жана ага чарба жүргүзүү укугунда бекитилип берилет.
5.7. Ишкананын чарбачылык иштеринин натыйжасында түшкөн пайдадан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салык салынууга тийиш.
5.8 Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнө таандык мүлккө жана акча каражаттарына чарба жүргүзүү укугу менен ээлик кылат, аны пайдаланат жана тейлөө жүргүзөт.
5.9. Ишкананын мүлкүнүн жана акча каражаттарын түзүү булактары төмөнкүлөр:
- жергиликтүү бюджеттен ассигнованиеленген каражаттардан.
- өндүрүштүк чарбалык ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражаттардан.
- көсөтүлгөн кызматтардан түшкөн каражаттар.
- банктык уюумдардан алынган ссуда, насыялардан.
- жеке жана физикалык жактар тарабынан кайрымдуулук эсебинде өткөрүлүп берилген мүлк жана акча каражаттары.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка кирешелерден.
5.10 Түшкөн акча каражаттары ишкананы тейлеген банк аркылуу жүргүзүлөт.
5.11 Ишкананын акы алуу тарифи Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан бекитилет.
5.12 Ишкананын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу менен туруктуулугун түптөө максатында (өнүгүү, резервдик, керектөө, материалдык ж.б.у.с.) фонддорду ачууга укуктуу.
Vl. Ишкананын эсеби, пландоосу жана отчеттулуугу
6.1. Ишкана өз ишин өз алдынча иштеп чыккан пландардын негизинде жүзөгө ашырат.Кыргыз республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
6.2.Ишкана жыл сайын келе жаткан финансылык жылга бюджетти жана өндүрүштүк программаны шаардык мэрия менен биргеликте иштеп чыгат жана макулдашат.
6.3. Ишкана белгиленген мөөнөттөргө (ай, квартал сайын) бюджеттин аткарылышы жөнүндө финансы чарбалык иштери жөнүндө шаардык мэрияга жана шаардык депутаттар Кеңешине отчет жана аткарылып бүткөн иштер боюнча акт берет.
6.4. Ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын тиешелүү көзөмөлдөөчү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6.5 Ишкананын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында Таш-Көмүр шаардык мэриясы аудит тартууга укуктуу.
VII.Ишкананы кайра уюштуруу, түзүү жана жоюу
7.1. Ишкананы кайра түзүү же жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
7.2. Ишкананы жоюу шаардык мэрия, ошондой эле шаардык депутаттар кеңеши тарабынан же сот чечими аркылуу кабыл алынат.
7.3. Кредиторлордун талаптары, канааттандырылгандан кийин ишкананын калган мүлкү Таш-Көмүр шаардык мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн анын негиздөөчүсүнө өткөрүлүп берилет.
7.4. Ишкана каттоочу орган тийиштүү буйрукту чыгарган учурдан баштап жоюлду деп эсептелет.
7.5 Ишкананын аракетинин процессинде пайда болгон документтер, ишкана жоюлган учурда «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» мыйзамга ылайык сакталат жана колдонулат.
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси:
|
Н.А.Боронбаев |