Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабрындагы № 67
«Ак-Булуң ЭКО» коругун уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө
«Ак-Булуң ЭКО» коругун уюштуруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө Э.Шабыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап Улахол айылдык Кеңеши
токтом кылат:
1. «Ак-Булуң ЭКО» коругун уюштуруу боюнча жобо бекитилсин.(Жобо тиркелет)
2. «Ак-Булуң ЭКО» коругун уюштуруу жана иш кагаздарын бүткөрүү жагы Э. Шабыкеевке милдеттендирилсин.
3. Улахол айыл аймагынын жайыт комитетинен Ак-Булуң участогунан 104,20 га жер пайдаланууга суралсын.
4. Улахол айыл аймагынын жайыт комитетинен Ак-Булуң участогунан 104,20 га жерди «Ак-Булуң ЭКО» жамаатына чакан эко корук уюштуруу жана туризм багытында иш алып барууга пайдалануу акысы төлөнбөгөн шартта узак мөөнөткө бөлүнүп берилсин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Улахол айылдык Кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Т. Ашымов |