УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Улахол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын XXII сессиясынын
2023-жылдын 19-апрелиндеги № 143
Туура-Суу айылынын жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Туура-Суу айылынын жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча К.Соконовдун билдирүүсүн жана айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитеттинин корутундусун угуп жана талкуулап, Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туура-Суу айылынын жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизилсин.
2. Туура-Суу айылынын жер комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй болуп; Эрлисбеков Э, Исраилов Т, Мамбеталиев А, Тукаев К, Курманов У, Алиева С, Самыйбеков Э. өзгөртүлүп түзүлсүн.
3. Улахол айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги №143- токтому Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл кеңешинин айыл чарба, жер, жайыт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| А.Жолалиев |